Боом капчыгайында 3-июлдан 10-июлга чейин таштарды атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июлдан 10-июлга чейин жол четиндеги таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт, ал айдоочуларга кооптуу абал жаратышы ыктымал. Таштарды кулатуу Боом капчыгайында эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол кыймылы маал-маалы менен жабылып, унаалардын саны 20-30 болгон учурда жол ачылып, унаалар өткөрүлөт. Дем алыш күндөрү жана жаан-чачын маалында жумуш иштери токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан