Ноокат районунда жаш келинге боорун алмаштыруу үчүн операция жасоого каражат жетишсиз болууда

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну Венера Маматалиеванын боорун алмаштырып, жүрөгүнө операция жасатуу зарыл болууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына бейтаптын күйөөсү Ниязбек Абдрахман уулу билдирди.

"Келинчегим альвеококкоз оорусуна чалдыккан. Учурда боорун алмаштырып, жүрөгүнө операция жасатышы зарыл экен. Анткени оорунун белгилери боор менен жүрөктө жайгашыптыр. Кыргызда мындай оор операцияларды жасоого медициналык аппараттар жок дешти. Ошондуктан тез арада Түркияда операция жасоого камынып жатабыз. Адистердин айтымында, 40-50 миң доллар зарыл экен. Мындай каражатты таба албай убарабыз. Ошон үчүн коомчулукка кайрылууга аргасыз болдук", - дейт Абдрахман уулу.

Венера Маматалиева 27 жашта. Анын эки уулу бар. Улуусу 2,5 жашта болсо, кичүүсү 7 айлык. Үй-бүлө башчысы Ниязбек Абдрахман уулу унаа оңдоочу жайда иштеп, көп акчаны таба албастыгын айтат.

"Пенсия жашындагы ата-энем операция жасатууга салым кошушат. Бирок аларда да анчалык көп каражат жок. Айылдагы малдарды сатып каражат топтоп баштадым. Кайрымдуу адамдар каражат жагынан жардам берсе баш тартпайм", - деп кошумчалады Нияз Абдрахман уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nazi25
2017-07-01 17:56:14
Шыпаа берсинчи
+2
Batma08
2017-07-01 18:30:54
Ноокаттын кайсыл жеринен экен билгендер айтып койгулачы
0
Kanybek121195
2017-07-01 20:36:57
Batma08,Алике Жаны базардан болот келинди тааныйм бирок куйосун тааныбайт екенмин ал деле ошол жаны базардан болсо керек
+1
tasnim
2017-07-01 19:56:32
Шыпаа берсин
0
Batma08
2017-07-01 23:28:35
Иий менин айылдашымгоо
0
Batma08
2017-07-01 23:28:48
Сакайып кетсин
0
ayjan_90
2017-07-02 03:30:06
Аллах шыпаасын аябасын мени менен тен келин экен айыгып кетсин жакындарынын бактыга
0
asi.gulum
2017-07-02 17:39:19
Бул эже жакшы эле жүрчүү элегооо. Аллах шыпаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан