Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадона Орусиянын футбол боюнча курама командасын башкарууга даяр экендигин аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларына берген маегинде билдирди. Марадона 30-июнь күнү Москвага учуп келген. Басылмалар аны Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен келгендигин жазышууда. Марадона журналисттин суроосуна жооп берип жатып: "Орусия курамасын башкарууга даярмынбы? Мен ошон үчүн келбедимби. Көп пландар бар жана алдыда мени көп иштер күтүп жатат”, - деди.
1986-жылы Марадона Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон. 2001-жылы Эл аралык футбол федерациясынын сурамжылоосу менен бразилиялык Пеле менен бирге "Футбол тарыхындагы мыкты футболчу" аталган.