Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы сейил бакта тамекинин айынан өрт чыкты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 30-июнда саат 11:35 чамасында белгисиз адам тамекини таштанды таштоочу урнага эмес, саргайып калган чөптүн үстүнө ыргыткан, мындан улам өрт чыгып кеткен. "Сейил бактын кароолчусу өрттү өчүргөнгө үлгүрбөй, Өрт өчүрүү кызматын чакырдык, заматта келип өрттү өчүрүштү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.