Учурда көпчүлүк кыргыздардын чет өлкөдө иштеп, үй-бүлөсүн багып, ал эле эмес өлкөнүн экономикасына киреше кошуп жатканы сыр эмес. "Супер Тв" бөлүмүнүн алып баруучусу Максат Орозумбетов Орусиянын Москва шаарында жашап, эмгектенген мекендештер менен жолугуп маек курду.
Статистика боюнча 2017-жылы 4 айдын ичинде эле Орусияда иштеген мигранттар Кыргыз жерине 31,2 миллион доллар өлчөмүндө каражат которушкан. Учурда аталган өлкөдө 66 миңден ашуун Кыргыз жараны бар. Алардын көпчүлүгү тейлөө, курулуш, соода, кайра иштетүүчү жана өнөр жай тармактарында иштешет.
Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.