Москвада "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 1-июлда Москва шаарында "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Троекуров көрүстөнүндө болду. Аны менен коштошуу үчүн белгилүү артисттерден тарта күйөрмандарына чейин келишти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Олег Яковлев 29-июнда 47 жашында каза болгон.

Ал 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ Монголиядан СССРге кайтып келишкен. Ата-энеси, 2 эжеси менен алгач Орусиянын Ангарск шаарында, кийин Иркутск шаарында жашашкан. Олег Яковлев Иркутск шаарындагы театралдык училищенин "Куурчак театрынын актёру" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

"Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган.

Маалыматтарга караганда, анын ооруп жүргөнүнө көп болгон. Ырчынын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон.

Олег Яковлев үйлөнгөн эмес. Акыркы кезде Александра Куцевол менен жашап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erkeleim
2017-07-01 22:06:07
Пусть земля будет ему пухом
+1
Basko94
2017-07-02 19:30:06
Жайы жаннатта болсун! Мен жакшы коргон ырчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан