Орусиялык ырчы Михаил Круг 2002-жылы 1-июлда 40 жашында дүйнө салган. Ырчынын Твердеги үйүнө 30-июнь күнү кылмышкерлер кирип, атып кетишкен. Анын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.
Ырчы, акын Михаил Круг 1962-жылы 7-апрелде Тверде туулган. Биринчи ырын 14 жашында жазган. Ал өзүнүн классташына арналган.
Михаил Тверь шаарындагы 39-училищенин автомобилдерди оңдоочу слесардык окуусун аяктаган соң армияга кеткен. Кызматын өтөп келгенден кийин үйлөнүп, андан соң институтка тапшырган. Михаил Кругдун ырчы болуусуна кайнатасы түрткү берген. Институтта окуп жүргөндө автордук ырлардын сынагы өтүп, анда Михаил биринчи орунду жеңип алган. Ошол мүнөттөн тартып ырчылык өнөргө олуттуу мамиле жасап, иштей баштаган. 1996-жылы ырчылык өнөрдөгү жеке карьерасын баштап, "Тверские улицы" деген ат менен биринчи ырлар жыйнагы чыккан. Михаил Круг өзүнүн ыйык сахнадагы алты жылдык өмүрүндө көптөгөн чыгармаларды жаратып, бир топ жаштарды музыка тармагына тарбиялаганга жетишкен.
1-июлдун жылнаамасы.