Чолпон-Атадагы "Рух-Ордодо" бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, курултай үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгына маалымат түшүп, аталган борбор милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Бүгүн эртең менен саат 6:00дөрдө райондук ички иштер башкармалыгына анонимдүү телефон чалуу болгон. Анда "Рух-Ордодо" жана жанындагы ресторанда бомба коюлганы тууралуу айтылган. "Рух-Ордо" менен ресторандагы адамдар эвакуацияланып, аймак курчоого алынып, издөө иштери жүрдү. Азырынча эч кандай жарылуучу зат табылган жок. Бул тууралуу маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, аймакты дагы бир жолу издөө үчүн борбор калаадан кинолог жана сапёрлорду күтүп жатабыз", - деди Усубакунов.

Белгилей кетсек, бүгүн "Рух-Ордодо" түрк тилдүү элдердин курултайы өтмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2017-07-02 11:27:44
Кудай сактасын,узгултукко учуратуу кимдир бироого керек болгон.Башка олколордо жардыруулар телефон чалуусуз эле болуп атпайбы.Тынч жашоого шугур кылбагандар бар да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан