"Рух-Ордого" кызматкерлер, кардарлар киргизиле элек. "Бомба бар" деп маалымат берген адам изделүүдө

"Рух-Ордого" маданий борбордун кызматкерлери, кардарлар киргизиле элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 2-июлда аталган борбордун менеджери Виктория Убраимова кабарлады.

"Бизди эртең менен иштеп жаткан кезибизде милиция кызматкерлери борбордун аймагынан "бомба бар" деп, чыгарышты. Азыр деле аймак курчоого алынып ал жакка эч кимди киргизбей жатышат. Бүгүн "Рух-Ордодо" түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында конференция болмок, ал үзгүлтүккө учурады", - дейт Виктория Убраимова.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маданий борбордо жана анын жанындагы ресторанда бомба табылбаганын, бирок аймакты Бишкек шаарынан барган адистер да изилдеп жатышканын кошумчалады. Ал эми маалыматты берген адам изделип жатат.

Белгилей кетсек, "бомба бар" делген аймакта турак үйлөр жайгашкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан