Мындан 451 жыл мурун, 1566-жылы 2-июлда франциялык астролог жана дарыгер Нострадамус муун оорусунан каза болгон.
Фармацевт, алхимик, өзүнүн алдын ала айткандыгы менен белгилүү болгон, Нострадамус аты менен таанылган Мишель де Нострдам 1503-жылы 14-декабрда туулган.
1518-жылы Нострадамус Авиньонго окууга барат. Ал жактан музыка, логика, риторика, грамматика, астрология, астрономия, геометрия, арифметика илимдерин окуган. 1519-жылы Нострадамус кара тумоонун дарысын табуу максатында окуусун таштап кеткен. Анын кийинки 8 жылдык өмүрү кандай өткөнү белгисиз.
1529-жылы медициналык факультетке тапшырып, 1534-жылы аяктаган. Нострадамус Германия жана Италияда саякаттаган. 1544-жылы Марсельде дарыгердик тажрыйбасын жаңылап, 1546-жылы Франциядагы Экс-ан-Прованста кара тумоо менен алышкан. Өз жанын аябай эмгектенгени үчүн Экс-ан-Прованстын парламенти өмүр бою пенсия төлөгөн.
1555-жылы Нострадамус өзүнүн алгачкы астрологиялык адабий чыгармаларынын жыйнагын жарыялаган. Ошол эле жылы Лиондо Центурий китеби жарык көргөн. Бул китепте ал адамзаттын келечектеги тарыхын жазган.
Окумуштуулардын айтымында, ал 2017-жылы Түркия менен Ирандын согушарын, дүйнөнүн "падышаларын" тизелеткен ымыркай төрөлөрүн, Европанын айрым өлкөлөрүн суу каптаса, Франциянын суулары кирдеп, жарандары башка жакка көчүүгө мажбур болушарын жазган.
2-июлдун жылнаамасы.