"Рух-Ордо" маданий борборун кинолог жана сапёрлор бошотушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган борбордун менеджери Виктория Убраимова билдирди.
"Борбордун аймагы чоң. Бишкектен келген кинолог жана сапёрлор бир топ убакыт изилдешти, жарылуучу зат табылган жок. Бизге "Рух-Ордого" кирүүгө уруксат беришти. Маалымат жалган болгондуктан ички иштер башкармалыгына чалган адамды издеп жатышат", - дейт Убраимова.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июлда эртең менен саат 6:00дөрдө райондук ички иштер башкармалыгына анонимдүү телефон чалуу болуп, "Рух-Ордодо" жана жанындагы ресторанда бомба коюлганы тууралуу айтылган. Издөө иштери жүрүп бомба табылган эмес, бирок борбор калаадан барган сапёрлор аймакты толугу менен изилдеп, "Рух-Ордого" эч ким киргизилбей жаткан.