2017-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын аймагына 211 санариптик телеберүүнүн ретранслятору орнотулуп бүтөт. Байланыш жана маалыматтык технологиялар агенттигинин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин билдиришинче, бүгүнкү күндө 227 айыл санариптик берүүгө кошула элек.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө 67 санариптик телеберүүнүн ретранслятору орнотулган. Августта бардык 211 ретрансляторду орнотуп бүтүүнү пландап жатабыз. Калган 99 айылдын жашоочулары санариптик телеберүүнү спутник аркылуу көрүшөт", - деди Шаршембиев.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы санариптик телеберүүгө 2017-жылдын май айында толугу менен өткөн.