Алмазбек Атамбаев Татарстанда 14 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу өлкөнүн президенти Рустам Миннихановго көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Татарстанда күйүүчү май ташыган унаа менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобустун кагылышынан каза болгондорго байланыштуу Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановго көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаев көңүл айтуу телеграммасында кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалай турганын белгилеген.
Жол кырсыгы 1-июлдан 2-июлга караган түнү болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 15 адам жаракат алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
janaika-95
2017-07-03 10:35:24
Ммм
0
Kanybek121195
2017-07-03 10:43:17
Конул айтканга еле уста бизге самолёт тушкондо ошто жер кочку болгондо Путин менен Назарбаевтен башка еч Ким айткан емес болсо керек. Москвада 14 кызыбыз куйуп кеткенде вообще еле еч ким конул айткан емес.
+3
Sagyn.91
2017-07-03 11:54:41
Kanybek121195,
Муну жа[moderated]рленуу деп коет. Президенттик жолугушууларда кучакташып учурашып, бир башкача кулгондорун байкоого болот. Серезный болуш керек да, кулобербей.
+1
Hadyja
2017-07-03 21:58:29
Барган жеринен кайтаары менен ошол мамлекетте бир балээ болот.Келеери менен эле конул айтканын коп байкадым барган жерлерине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан