Бишкек шаарында айрым дүкөндөр, тамактануучу жайлар санитардык норманы сактабаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Санитардык-экологиялык инспекция шаарды жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча текшерүү ишин жүргүзгөн. Жыйынтыгында "Жисян" медициналык борборунда, "Маг", "У Семиры", "Цветочный дворник" дүкөндөрүндө жана "Жаңыбайдын жаңы самсасы" чайканасында санитардык норма бузулганы аныкталган. Аталган жайлардын кызматкерлери таштандыларды эл өтө турган жолго таштап салышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында, инспекция тарабынан протокол түзүлүп, Свердлов районунун административдик комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.