SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Грузия жөнүндөгү ролик Канн фестивалында баш байгени жеӊди" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka).
Грузиялык маркетологдор июнь айында эл аралык "Канн арстандары" аттуу жарнамалык фестивалында 2 байгеге ээ болушту. "Windfor`s" грузин жарнама агенттигинин "Грузия менен түшкү тамактануу" ("Dinner With Georgia") ролиги Күмүш жана Коло арстан менен сыйланган.
Видеодо 2016-жылы Грузия өлкөсүндө 6 миллионунчу турист болуп катталган голландиялык Жеспер Блэктин келгени көрсөтүлөт. Андагы жарнамада Жесперди аэропорттон ардактуу конок катары тосуп алышат да, өлкөнүн кооз жайлары жана меймандостугун тааныштыруу, көрсөтүү үчүн уюштурулган ажайып саякаттоо башталат...
Мындай жеӊиштен көп өтпөй аталган өлкөнүн премьери Георгий Квирикашвили маркетологдордун жеӊишинин урматына атайын майрамдык кече уюштурган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.