Жаңы паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы Конституциялык палатага арыз берилди

Бүгүн, 3-июлда жаңы паспорттогу "улуту" графасын алып салууга каршы Конституциялык палатага арыз берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Бекназаровдун айтымында, улут тууралуу графаны алып салуу Конституцияга каршы келет.

"96 саясий кыймылынын, уюмдардын макулдугу менен укугубузду коргоо максатында арыз менен кайрылдык. "Улутуңду унутпа" кыймылынын төрагасы Шамшыбек Медетбековго, мүчөсү Жыргалбек Касаболотовго жана "Туруктуу элдик кеңеш" кыймылынын атынан мага ишеним көрсөтүлүп, арызды алып келдик. Кабыл алынды, эми кандай чечим чыга турганын күтөбүз", - деди ал.

Эске салсак, 1-майдан тарта жарандын улуту тууралуу жазуусу жок паспорттор берилүүдө. Ал тууралуу маалымат паспорттун сыртына эмес, ичиндеги чипке жазылары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nazar76
2017-07-03 12:33:53
Улутуну унутпа деп туура айтыптыр колдойм улутунду жазыш керек албетте улуту чипке жазылган деп алдабай эле койушсун
+18
Kgz87
2017-07-03 14:21:08
Тушунсонор узбектер башкалар бизди уят кылып жатышат эмне кылышыбыз керек демек улутун жазыш керек сосуз турдо
+12
Begmat1992
2017-07-03 14:23:25
Улуту жазылыш керек соз суз
+13
TalaCSKA
2017-07-03 14:35:03
Мен деле каршымын улут деген графа болуш керек!
+12
zezim2000
2017-07-03 14:39:59
Улутун жазыш керек колдойм ким колбойт добушунарды ушу жерге киргизсенерда жакшы болот
+12
aikokul14
2017-07-03 15:13:31
Улуту деген графа кимдин кай жерин сайгылап жатты эч түшүнбөдүм.
+5
Kicha
2017-07-03 23:50:28
aikokul14, сен ХХХ эмессинби улуту жазылбаса сенин анда не керегин бар кыргыздарга куйбосон
+2
mergen4i
2017-07-03 15:38:20
улуту сөзсүз жазылуу керек...!Көрөсүңөр ушул кетиште аз өтпөйле башка улутта бирөө башкарып калат бизди
+6
bakulya2015
2017-07-03 22:16:24
Тооба кылдым. Ушул убакка чейин эч ким улутубузга киришпей эле оз ишин кылган эле. Азыркы бийлик эле кашаны чыгарды. Башка иштерди кыла бергиле. Улутубузду жоготкудай жазбагыдай акмак эмес биздин эл. Жаман азыркы бийлик шардай жарылгысы келип калдыда шишип.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан