Ушул жылдын 17-майында окурман Ош шаарынын борбордук базарында санитардык абал сакталбай жатканын WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген. Оштун мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулу тиешелүү жерлерге кабарланып, эскертүүлөр берилгенин, тартипти сакташпаса катуу чаралар көрүлөрүн билдирген. Бүгүн, 3-июлда окурман кайрадан бул маселе тууралуу кабарлады.
"Буга чейин дал ушул жерде уйлардын баш сөөктөрү ачык жатканын тартып жибергем. "Эскертүүлөр берилди, мындай абал көп боло бербейт" деп жооп кайтарышты эле. Бул жер такай ушундай абалда. Аптаптуу күндө чыдай алгыс жыт чыгып жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.