СУПЕРСТАН: "Канчалык "стерва", "кобра" кыз болсо да, жолун таап сүйлөшсөң болот"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу кыздар эмнеге "стерва" болушат?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Чынында билбейт экенмин, сулуу эмес "стервалар" деле бар. Бирок "сулуунун тагдыры тайкы болот" дегенди уккам".

"Негизи беш кол тең эмес, жакшысы, жаманы бар дегендей. Анан да "жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет" деп айтышат го. Андыктан жакшы сүйлөсөңүз "стервалар" деле сопсонун эле жоош болуп калышат".

"Канчалык "стерва", "кобра" кыз болсо да, жолун таап сүйлөшсөң болот. "Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат" дейт го".

"Сулуу кызга жигиттер көп тийишкен үчүн ачуусу көп келет. Бизде негизи сулуу анан ак көңүл болуу кыйын, улуусу деле кичүүсү деле өз ордуларын билбей, көчөдөн да жөн бастырбай жабышып эле турушат. Алардын баарына тең күлүп-жайнап, жумшактыгыңды көрсөтсөң пайдаланып кетишпейби".

"Тилдин узундугу коргонуу үчүн гана. Татынакай кыздарга ким гана кызыкпайт. Анан алардын ойлору да ар кандай болот. Ошол кызыккан адамдардын оюн билүү үчүн тыңыраак болуп, тил узарып, мүнөз "чорт" боло баштайт. Дагы айта кетчү нерсе татынакай кыздар башынан эле "стерва" болушпайт. Байкап көрсөңөр, "чалынып" кетип, тургандан кийин анан мүнөзү өзгөрө баштайт".

"Стерва" болуп төрөлүшпөйт, ал мүнөз кийин гана калыптанат. Баары эле "мен стервамын" деп айта беришет, бирок андай эмес. Кадимки "стерва" эч кимди жактырбайт жана башкаларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат. А бирок жашоодо чынында эле ийгиликтүү болушат. Аларды баары жакшы көрүп, коркуп турушат, анткени "стервадан" бардык нерсени күтүүгө мүмкүн. Баарынын сүйүүсү аларды өзүнө ишенген, күчтүү мүнөздүү кылат. Ал өз жашоосу үчүн күрөшүүгө күчү жетет. Максатына жетүү үчүн бардык жолдорду, силер айткандай сулуулугун да колдонушу толук мүмкүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан