Бүгүн, 3-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталып жаткан журналисттердин соту өттү. Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Руслан Абдырахманов буга чейин доо коюлуп жаткан "Азаттык медианы" өндүрүштөн кыскартуу өтүнүчүн келтирди. Судья Жылдыз Жумабаева өтүнүчтү канааттандырып, "Азаттык медианын" камакка алынган банктык эсептерин ачты. Ага коюлган 10 миллион сомдук доону Ленин райондук сотунун өндүрүшүнөн кыскартты.
31-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда да "Азаттык" радиосу жана "Заноза" сайтына карата доо арыздар каралган. Прокуратуранын өкүлү "Азаттыкка" карата доо арызын артка кайтарып алууну жана банктагы эсептерин камактан чыгарууну өтүнгөн. Судья бул өтүнүчтү канааттандырган эле.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 13-февралында "Азаттык" жана "Заноза" сайты Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүнөн маалыматтарды алып келгенин, андагы маалымат боюнча кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү болушу мүмкүн экендигин жазып чыгышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура эки сайттын үстүнөн президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп, маалыматтарды төгүнгө чыгаруу үчүн сотко берген эле.