ЭЛДИК КАБАР: Түркияда менталдык арифметика боюнча болгон дүйнөлүк олимпиадада Кыргыздан барган 3 окуучу 1-орунду ээлешти

1-2-июлдарда Түркияда менталдык арифметика боюнча болгон дүйнөлүк олимпиадада Кыргыз мамлекетинен барган 3 окуучу 1-орунду ээлешкенин окурмандар бүгүн, 3-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашты.

"Олимпиадага 9 өлкөдөн окуучулар катышышкан. 7-8 жаштагылар арасында Новопавловка айылынан барган Адилет Бакиров 1-орунду алып кетти. Ошондой эле Бишкек шаарынан барган Милана Максүтова 10 жаштагылардын, Талас шаарынан барган Айсезим Облусбекова 9 жаштагылардын арасынан жеңүүчү деп табылышты", - дешет окурмандар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ktmu1995
2017-07-03 18:08:07
Азаматсын, кыргыздын келечеги.
+5
ayana91
2017-07-03 18:11:37
Кут болсун.
+3
kychan.98
2017-07-03 19:23:28
Турктор азамат дайыма эле Кыргыздан барган таланттуларды колдошот
0
admin_superstan
2017-07-04 10:18:53
Begaiko, Riokyrgyz, janaika-95, Patriot7, aibars, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. 1 күндөн БАН!
0
Kaninaiman
2017-07-04 13:44:59
Абдан Жакшы ай сайын ушундай 1-лик деген жанылык угайлы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан