Таласта 2 тонна кара куурай чаап жыйналып, кийин өрттөлдү

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери аталган райондун аймагынан жапайы өскөн 1,5 гектар аянттагы кара куурайды чаап өрттөштү.

Бул туурасында SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

"Бакай-Ата райондук милициясы баңгиликке каршы профилактикалык иш-чара уюштуруп, Миң-Булак айылынын аймагына тийиштүү талаа аянттарынан 1,5 гектар жапайы өскөн маңзатын чаап жыйнап жок кылышты. Бул иш-чара жергиликтүүлөрдүн баңгиликке азгырылбоосунун алдын алуу үчүн өткөрүлдү", - деди Сарногоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adi.ali94
2017-07-04 08:12:18
Бир чекесин өзүңөр алган жоксуңарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан