Бүгүн, 3-июлда ырчы Куралбек Чокоев 30 жашка толуп, бул жылы туулган күнү өзгөчө өтүп жатканын билдирди.
"Мен 2-3 күндөн бери чыгармачылыктагы жумуштарым менен Татарстандын борбору Казань шаарында жүргөм. Планымда бүгүн эрте эле Бишкекке келмекмин. Тилекке каршы, аэропортто көбүрөөк кармалып калып, кечки саат 18:30да Бишкекке кондум. Бир да жолу туулган күнүмдү учакта өткөрүп көргөн эмес элем, быйыл аны да көрдүм", - дейт ырчы күлүп.
Ошондой эле өздүк майрамдын уландысын кантип өткөрө турганын азырынча билбей жатканын, бирок сөзсүз түрдө өткөрүү планында бар экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Куралбек Чокоев 1987-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырып, чыгармачылыктагы карьерасын ар түрдүү эл аралык сынактарга катышуу менен баштаган.
3-июлдун жылнаамасы.