Орусияда 7 жашка чейинки балдарды унаага жалгыз калтырууга тыюу салынды

Кечээ, 3-июлда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев токтотулган унааларда 7 жашка чейинки балдарды көзөмөлсүз калтырууга тыюу салган токтомго кол койду.

Бул токтом аталган өлкөнүн өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.

"Мындай токтомду кабыл алууга токтотулган унаада калган балдар ысыктан дем жетпей жабыркап же кышкысын сууктан тоңгон учурлар көп катталгандыгы себеп болду. Ошондой эле токтомго ылайык, ата-энелерге унаада кетип баратканда 7 жашка толо элек балдарын атайын балдарга ылайыкташкан унаа отургучтарына отургузууну милдеттендирди. Ал эми 7ден 12 жашка чейинки балдар унаанын арткы орундугунда коопсуздук курун курчанып отургузулуусу шарт", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Ички иштер министрлиги токтомдо кабыл алынган милдеттемелер өлкөнүн алыскы айыл кыштактарында жашаган ата-энелерге да тиешелүү экендигин белгилешти. Жогорудагы талаптарды аткарбаган айдоочу жол эрежесин бузган жаран катары тийиштүү мыйзамдын негизинде жоопко тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan_nookat
2017-07-04 09:16:21
Туптура!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан