Маркум Дүйшөбаева менен Калыбек Элтуйбасов алгачкы жолу эмне максатта жолугушканын жактоочусу айтып берди

Маркум Камила Дүйшөбаева менен Калыбек Элтуйбасов алгач кандай максатта жана качан жолугушканы белгилүү болду. Элтуйбасовдун жактоочусу Улан Жумаковдун айтымында, алар 2013-жылы жолугушкан. "Элтуйбасов менен Дүйшөбаева биринчи жолу 2013-жылы жолуккан. Менин билишимче, кыз андан жумуш сураган. Андан кийин 2014-жылдын 10-мартында жолугушкан. Камила ага телефон чалып акча сураган, ал акчаны алып келип берген. Андан кийин жолугушкан эмес", - деди жактоочусу. Анын айтымында, Камила Дүйшөбаева Элтуйбасов менен жолуккан соң өз үйүнө барып түнөгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 3-июлда маалым болгондой, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан деген айып менен Калыбек Элтуйбасовду камакка алуу чечими чыккан. ИИМдин маалыматына караганда, Элтуйбасов өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ошол себептен ага издөө жарыяланган болчу.

Маалымат үчүн: Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
TalaCSKA
2017-07-04 12:27:57
Бар экенго тийешеси .анан эмнеге мурда тааныбайм билбейм деп актанып жаткан?
+5
TalaCSKA
2017-07-04 12:29:45
Мамилеси жок болсо эмнеге акча сурайт Калыбек мырза эмнеге акча берет?
+15
Alibay
2017-07-04 12:38:09
Өлгөн адамдын үстүнөн мынткенибиз болбойт го,ата--энеси кызын жоготуп бир күйсө эми мынтип...Этияттайлы ,сот өкүм чыгарганга чейин маркумдун үстүнөн жалаа жаппайлы туугандар.
+4
admiral
2017-07-04 12:38:34
Акчаны жөн эле бербесе керек? Сөзсүз тиешеси бар экенда
+5
Adilet_adi
2017-07-04 12:38:40
Бекеринен видео наблюденияларды жок кылган эместа Калыбек
+8
Janym_ata_enem
2017-07-04 13:12:14
Adilet_adi,тура айтасын
0
Abdusamat.kg
2017-07-04 15:23:03
Janym_ata_enem,бирөөнү гыйбат кылган бир тууганыңдын этин жегенге барабар
0
Makain
2017-07-04 12:54:12
Калыбек акча бергенине караганда жаш аялы окшойт
-2
taalay25
2017-07-27 18:17:53
Makain,аялы эмес ойношу
0
ady-88
2017-07-04 14:24:12
Жаш аялы эмес ХХХ. Аквркы жолу экоо жолугуп жатса туну саунада. Анан жаш кыздвн олумуно ким куноолуу. Ачык эле корунуп туратго ким куноодуу экени.
+4
admin_superstan
2017-07-04 15:03:55
ady-88, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-4
taalay25
2017-07-27 18:18:46
ady-88,саунага кайсы максатта барат
0
CEO
2017-07-04 14:24:23
Адвокат Кудайдын бар экенин унутпасын!!! Элди акмак деп ойлоп, кулагына лапша илем деп ойлобосун!!! Эгер Маркум менен Калый Саляновдун бир-бирине телефон чалууларынын тизмесин тиркесек, адвокат кайсы жомокту айтып жатканын озу билбей калат!!! Калый Салянов, Осунбек Жамансариев, ХХХ эмнеге айтпайт?!! Чындыкты бурмалап жатканы учун адвркаттын озуно да кылмыш ишин ачышса туура болот эле!
+9
meni_kut
2017-07-04 14:44:55
CEO,Адвокаттар жумушу ошол актап чыкса акча алат.Бирок саунадагы видеолорду очуртуп салганы,ошол кезде прокурор Аида Салянова ишти жаап салганы булар акыйкаттык эмес.
+11
admin_superstan
2017-07-04 15:04:37
CEO, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-13
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-04 15:08:48
Али коп нерселери чуваланып чыгат
+3
grace
2017-07-04 17:04:21
19 жаштагы кыз ата-энеси тирүү, турмушу деле жакшы, ачка калгандай түрү жок. Эмнеге чоң кишилер менен түндө саунада жүрдү экен? Кыздар, ыймандуу болгулачы. Кудайым баарын берет.
+8
Ma9
2017-07-04 18:14:20
Жаткан жери жайлуу болсун Эми кызды тынч койуп атасы ишти жабып койсо болмок кызын жаман аты кылбай
0
tagokg
2017-07-04 22:19:13
кызык эле, ИИМдин басма сөз кызматы 2015-жылдын 6-январында Турмуш басылмасына тараткан маалыматында К.Саляновдун бул кылмышка тиешеси жок деген. Эми эмне деп жатышат? Ошол мезгилде Аида эжеке Генпрокурор болчу да. Эми түшүнүктүү.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан