Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматкерлери, Салык кызматынын адистери Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежелерин сактоо боюнча рейдге чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Патрулдук милиция кызматкерлери мыйзам бузган 10 чакты маршруттук таксилерин токтотуп, текшерүү иштерин жүргүзүштү. Көбүнө протокол түзүлүп, убактылуу айдоочу күбөлүктөр берилди. Ал эми бир маршруттук такси "Жол барагы" жок болгондуктан айып жайга токтотулду.
“Жол барагы” бул техникалык жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктай турган иш кагаз. Ал бардык айдоочуларга ай сайын берилет. Андай кагазы жок болгон учурда айдоочуга айып салынат. Айыптын баасы 3000 сомду түзөт”, - дейт Патрулдук милициянын кызматкери Айбек Жамагулов.
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Нурлан Атаканов борбор калаада жүргүнчү ташуучу 41 ишкана бар экенин маалымдап, күн сайын шаардыктарды тейлөөгө 2700 маршруттук такси чыга турганын кошумчалады.
“Бул иш-чара коомдук транспорттордун катышуусундагы жол кырсыктарын, мыйзам бузуулардын санын азайтуу үчүн жана коомчулукта айтылып келген маселелерди чечүү үчүн уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты - айдоочулардын мыйзам бузуусун азайтуу жана алардын жүрүм-турумун, чылым чегип, телефон менен сүйлөшүп, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтиргенин токтотуу болуп эсептелет”, - деп билдирди Нурлан Атаканов.