"Башка динге, маданиятка сый мамиле жасоо кыргыз элинин канында бар", - деди журналисттерге бүгүн, 4-июлда Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко.
Анын айтымында, сый мамилеси үчүн "Балдар шериктештиги" долбоору Кыргыз мамлекетинде өтүп жатат.
"Балдар кайсы кесипти тандабасын, келечекте ким болбосун билимдүү, маданияттуу болуусу зарыл. Башка элдин динин, маданиятын сыйлай тургандардан болушун каалайм. Ошондо тынчтык жана стабилдүүлүк орнойт", - деди Матвиенко.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Матвиенконун сөзүн толугу менен колдой турганын билдирди. Ошондой эле балдардын өнүгүп жатканына бүгүн күбө болгонун айтты.
Эске салсак, КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим форуму өттү. Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден - Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген балдар катышты.