Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун айтымында, былтыр дүйнөлүк кризис болуп жатканда Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясы 3,8 пайызга өскөн.
"Албетте, мамлекет башчысынын, эмгекчилердин салымы бар. Ошол эле учурда ички дүң продукциясы Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдин курамына киргенинен улам өстү", - деди Матвиенко бүгүн, 4-июлда Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенине 2 жылга жетпеген убакыт өткөндүктөн, дагы жасай турган иштер көп экенин айтты.
"Ветеринардык лабораторияларды куруу жана башка маселелер бар. Бул чечиле турган маселе. ЕАЭБ боюнча дайыма талкууланып турат. Оң жыйынтыктар айтылса кубанычтабыз. Ал эми жетишпегендиктер болсо ал көйгөйдүн үстүнөн иштейбиз", - деди спикер.