Орусиянын федерация кеңешинин төрайымы КМШ өлкөлөрү орус тилин сакташы керек экенин айтты

Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрү орус тилин сакташы керек экенин бүгүн, 4-июлда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринин тарыхы, маданияты жалпы болгондуктан улуттар аралык сүйлөшүү үчүн орус тили сакталышы керек.

"Бир гана улуттук тилди, маданиятты сактабастан, орус тилине көңүл буруу зарыл. Бул тил бири-бирибизди түшүнгөнгө жана улуттук маданиятты өнүктүргөнгө салымын кошот", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн Ысык-Көлдө КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүү форуму өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
jonne
2017-07-04 17:44:58
Биздин кыргыз тилибиз качан ушундай денелге жетет болду экен!!!!
+4
asha302
2017-07-04 18:11:12
200 миллион киши билген тилди эми дагы каягына сактайбыз. Андан көрө кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек.
+4
asankulov12
2017-07-04 18:23:09
Орус тили коп дегенде он мамлекетте суйлойт, английс тилин онуктуруу керек
+7
Take_men
2017-07-04 18:24:56
Ммм.. айтпаса дагы жарымыбыз киргизбиз. Дагы эмне кылалы...
+5
odin-takoy
2017-07-04 18:32:42
Кимге кереги бар орустардын
+8
pixduel1
2017-07-04 18:59:04
Орус тилдин бизге эч кандай кереги жок мишранттардан башка! Кыргыз жеринде кыргыз тилин онуктурушубуз керек! Ата-бабадарыбыз орустун тилин суйлоп онуктурсун деп олуп кеткен жок! Кыргыз эли кыргыз бойдон калсын деп тилибизди бербей, канча душмандан коргогон! Орус тили мага демек туп тамырынан жок болуп кетпейби!
+5
Luna15
2017-07-04 19:18:12
pixduel1,эч кандай кереги жок деген туура эмесго дейм,канча тил билсе ошончо жакшы эч бир жерден кор болуп басынбайсын,ошону менен бирге эле кыргыз тилибизди артка таштап,жалан эле орусча же англисче суйлоп кетпей албетте оз тилибизди барктап,баалап суйлошубуз керек деп ойлойм.
0
kychan.98
2017-07-05 02:26:01
Luna15,ошол айткан орус катын ХХХ
0
admin_superstan
2017-07-05 10:18:44
kychan.98, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
kenjebek_a
2017-07-04 20:32:03
Башка тилдерди билген жакшы,бирок биздин чондор да оозун ачпастан алар бизге тануулап жатабы демек Кыргызстанда жашаган ар бир улут кыргыз тилин билиши шарт деген нерсени коюш керек.Пол жууганга жумушка алса да тил билиш керек.Башка олкодогу ишке кириш учун тилин талап кылып, тарыхынан суроо берип анан алат.Мисалы ошол эле Россия.
+3
maramak
2017-07-05 02:50:30
Кыргыз тилин оуктуруу учун латын алфавитине отуу керек,дуйно тааным англис тилинде болгондуктан кийинки муундардын онугуусуно жакшы пайдубал болот эле.Орус маданиятын жакшы билебиз,биз ошол элге синип кетпей озубуздун маданиятыбызды сактап калыш керек.Келечекте кучтуу идеологиясы,технологиясы бар олколор гана жер планетасында жашоосун улантары шексиз жана биз ошол олколордун ичинде болушубуз абзел ,келгиле замандаштар жаркын келечекке жигердуу салымыбызды кошолу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан