Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын көчөлөрүндөгү кондиционерлер менен жабдылган ондогон жаңы аялдамалар жабылып, жүргүнчүлөргө колдонууга берилбей жатат. Бул тууралуу "Борбор азия жаңылыктары" маалымат кызматы жарыялады.
"Акыркы жылдары курулган заманбап аялдамаларда кондиционер, телевизор жана атайын отургузулган гүлдөр бар. Бирок 40 градуска жеткен ысыктан жүргүнчүлөр аялдаманын сыртында же бак-дарактардын көлөкөсүндө коргонууга аргасыз. Жергиликтүү бийликтегилердин айтымында, 15-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтчү "Азия-2017 оюндарына" чейин аялдамаларды жабык кармоо боюнча көрсөтмө берилген. Эгер жүргүнчүлөр кирсе, алар булганып калат. Азия оюндары башталып, коноктор келгенде ачылат", - деп жазылат маалыматта.