ЖЫЛНААМА, 5-ИЮЛЬ: 160 жыл мурун аялдардын укугу үчүн күрөшкөн белгилүү немис ишмери Клара Цеткин төрөлгөн

Мындан 160 жыл мурун, 1857-жылы 5-июлда Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн белгилүү ишмер Клара Цеткин Германиядагы тарыхый аймак деп аталган Саксонияда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ал 17 жашынан 21 жашына чейин Лейпцигдеги мектепте окуп, аны бүткөндөн кийин педагог болуп иштеген. Ошол жылдары ал Лейпцигде эмигрант болуп жүргөн революциячыл орус студенттеринин бир тобу менен жакындан баарлашып, алардын саясий көз караштары менен таанышат. Ошол кезде жаңыдан гана жаралып келе жаткан социал-демократтык кыймылды Клара Цеткин жан дили менен жактаган.
1870-1871-жылдардагы Франция менен болгон согуштан кийин Германияда капитализмдин ылдам өөрчүшү тап күрөшүнүн курчушуна негиз болгон. Бул кырдаал анын көз карашын теория жагынан негиздөө үчүн Цеткинди илимди, социализмдин теорияларын мыкты үйрөнүүгө түрткү берген. Ал ошол жылдардан баштап немис жумушчу кыймылына катышып, 1881-жылы Германиянын социал-демократиялык партиясына кирип жигердүү иш алып барган.
Клара Цеткин 1892-1919-жылдары немис жумушчу аялдарынын социал-демократиялык “Глайнайхт” гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. Бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиялык үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы күрөшүүдө өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигин белгилөөнү демилге кылып, ал 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн аялдардын эл аралык 2-конференциясында сунуштаган. Анын бул сунушу бир добуштан колдоого алынып, жылына 8-март - Аялдардын эл аралык күнү деп аталып, аны майрамдоо чечими кабыл алынган. Биринчи жолу бул күндү 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария, Дания мамлекеттери белгилеген. Орусияда 1913-жылы ал эми Кыргызда 1920-жылдан бери белгиленип келе жатат.
Германия жана эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, "Спартак союзунун" негиздөөчүсү жана жетекчиси, рейхстагдын депутаты, аялдардын тең укуктуулугу үчүн жүргүзүлгөн күрөшкө өз салымын кошкон революционер Клара Цеткин 1933-жылы 20-июнда Москвага жакын жайгашкан Архангельский кыштагында катуу ооруп дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Москванын Кремль дубалына коюлган.
5-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nari94germanya
2017-07-05 16:34:38
Азыр майрамдашпайт немецтер бизчилеп))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан