Селден улам жабылган Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июль күнү саат 17:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 82-чакырымында шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жол жабылган.
"Жолду тазалоого жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. 4-июль күнү атайын техникалардын жардамында унаа жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, жол 5-июль күнү саат 03:00 чамасында толугу менен тазаланып ачылган. Кеңейтүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.