Президент Алмазбек Атамбаев: "Кимдир бирөө кыргыз тилин билбесе эч нерсе эмес, үйрөнөт"

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы №1-Мамлекеттик резиденцияда эң алдынкы окуучуларга алтын сертификаттар, мактоо баракчалары, баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөргө кыргыз эли өзүнүн маданиятын, тарыхын, тилин сакташы керектигин айтып, ислам дини, террорчулук тууралуу кошумчалады.

"Өз тилиңерди билгиле. Кыргыз тилин эч качан унутпагыла, мына эми кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. "Кыргыз" сөзү "кырк ууз" дегенди билдирет. Элди түсүнө, улутуна карата эч качан бөлбөгүлө. Кыргыз тили эң байыркы тил. Кимдир бирөө кыргыз тилин билбесе эч нерсе эмес, үйрөнөт.

Эч качан сынбагыла. Менин досторум, туугандарым мага чыккынчылык кылышканы эсимде. Ишениш керек, турмуш оор, бирок алдыга жылыш керек, эч качан багынбагыла. Кечиримдүү болгула. Адамдар кедейликтен эмес, билбегендиктен ката кетиришет. Биз өлкөнү жакшыртышыбыз керек. Мейли бизде газ, мунай болбосун, бирок адамдар бар. Биздин келечек жакшы, туура жол менен кетиши керек", - деди президент.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 55 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырылат.

Мактоо грамоталары, 10 миң сом жана баалуу белектердин ээлери:

  1. Абай Жанузаков;
  2. Марат Эриков;
  3. Карлыгач Кайназарова;
  4. Айжан Мамбетжанова;
  5. Дмитрий Рыжиков;
  6. Бермет Субаналиева;
  7. Элина Молдокматова;
  8. Андрей Мухев;
  9. Алина Асангазиева;
  10. Жамал Жумашева;
  11. Карина Абдумажитова;
  12. Адель Асаналиева;
  13. Амангелди Усубалиев;
  14. Мээрим Абдукадырова;
  15. Никита Валыкин жана башкалар.

Быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу 11-классты, 90 миң окуучу 9-классты аяктады.

Президент мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлады

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nuriyaeljan
2017-07-05 10:28:31
Алияханымын айтып койгон окшойт Атамбайып
+12
Uragan07
2017-07-05 10:58:20
Кызынын сабатсыздыгы атасына оор болгон го. Кыргыз тилин билбеген кыргыз кыргыз эмес.
+7
Asyl.jazi
2017-07-05 11:04:27
Кимдир-бирөө кыргыз тилди билбесе, эч нерсе эмес, үйрөнөт. Бул созуну мен орус тилин же башка тилди билбесен уят деп тушундум.
+9
nemo2016
2017-07-05 11:11:13
Кыргызга куйгон адам эмес экен бул Атамбаев
+5
CEO
2017-07-05 11:40:28
Атамбаевдин озунун улуту кыргыз экенинен кумонум бар...
+2
CEO
2017-07-05 11:41:52
Элге акыл айткыча ошол акылды кызына айтып кызын тарбиялап алса болмок...

Оз балдарын тарбиялай албагандардан кандай президенттер чыгаарын тарых улам улам тастыктап отурат...
+2
Ma9
2017-07-05 12:11:04
Озун тилини билбесен бул уяат уяалыш керек башка тилди билбесен эч нерсе эмес уйронуп кетесин
+2
Brutality
2017-07-05 12:25:11
Ma9, уяат деп жазгандан да уялыш керек))
+5
ayjan_90
2017-07-05 13:00:15
АША копчулукко асылбай эле кой билет баары эле эми оозу кыйшык болсо да байдын кызы суйлосун буту кыйшык болсода байдын уулу бийлесинден болуп жатат билбесе уйронот деп айтасын да оа силердики туура башка эмне дейбиз
0
karona
2017-07-05 16:10:39
Эртерек эле кетчи
0
ZHYRGAl1412
2017-07-05 18:47:04
Мен тушунбоймда силерге эмне жакпай атышат
-2
ZHYRGAl1412
2017-07-05 18:55:26
Ар биринерге не млндон бериш керек беле озунор аракет кылбайсынарбы оозунарды ачып аша ташта деп жата бербей .россияда журушот озбек тажиктер ай сайын патентке 4500дон акча тогуп кудайга шугур биздикилер 1жылына 2500руб га регистрация жасашат болду
-1
nemo2016
2017-07-05 19:06:43
ZHYRGAl1412,тоо десе бэ депсинго
0
ZHYRGAl1412
2017-07-05 20:53:28
nemo2016,сен тушунгучо коп бар
0
beka666
2017-07-06 01:53:46
Кантсе да прездентибиз айтып жатат молодец Алмазбек
0
Aidan88
2017-07-07 01:02:56
Kyrgyzstanda jashap atyp ,Kyrgyzstandyn jarany bolup turup kyrgyz tilin bilbegen chondor,Atambaev bash bolup,kyzy Aliya da bilbeit eken go kyrgyzcha facebooktan jazganyn okup kaldym le da
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан