Жогорку Кеңеш жыйындар залына 12 миллион сомго 3 видеокамера сатып алганы жатат

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы депутаттар отурган жыйындар залына 12 миллион сомго жабдууларды сатып алууну көздөөдө. Тендер Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 8-июнда жарыяланган. Учурда 3 компания тендерге катышууга арыз бергенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 5-июлда SUPER.KG'ге кабарлады.

Анын айтымында, тендер аркылуу жыйындар залына 3 профессионалдык видеокамера жана анын кошумча жабдыктары алынмакчы.

"Биз цифралык форматта берүүгө өткөндүктөн улам залдагы видеокамералар талапка жооп бербейт. Парламенттин жыйынын чагылдырган телеканалдар да залдагы камералардын сапаты начар экенин айтып келишет. Ошондуктан 3 видеокамераны алмаштырууга жана кошумча цифралык жабдыктарын сатып алууга тендер жарыяланган", - деди Нуракун уулу.

Тендерге 3 компания катышып, алардын арызын атайын комиссия карап жатканын кошумчалады.

"Бул тендер боюнча атайын комиссия түзүлүп, өзүм төрагалык кылып жатам. Тендерге катышууга арыз берген компаниялардын көрсөткөн бааларын карап жатабыз. Комиссия чечим кабыл алгандан кийин утуп чыккан тарап ишин баштайт. Жабдуулар депутаттар жайкы каникулдан келгенге чейин орнотулушу керек", - деди Нуракун уулу.

Тендерге катышып жаткан "Лэвэл" компаниясы жабдууларды 10 миллион 526 миң 880 сом, "АПЕКС" компаниясы 11 миллион 955 миң 895 сом, "Sound KG" компаниясы 9 миллион 900 миң 77 сомго сатарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Kumarchik
2017-07-05 12:03:01
андан коро жолдорду ондосонор

+2
kechirmeni
2017-07-05 12:14:22
Кымбатыраак эмеспи, не болсо да жакшылап ары жак бери жагын карагыла. Анан чонтокторго кетип калбасын
+1
Aman97kg
2017-07-05 12:15:46
Туура айтасын жолдорду ондосо жана бактарга кочоторду отургусун
+1
kechirmeni
2017-07-05 12:23:56
Aman97kg,Туугандар туура жазалычы, оз эне тилибизде туура жаза албасак уят го
0
kechirmeni
2017-07-05 12:40:13
Aman97kg,кочотторду,отургуссун
-1
no.comment
2017-07-05 13:57:37
kechirmeni, "кочотторду отургузсун" болот
+3
Linkin.
2017-07-05 12:41:58
Aman97kg,. Бактарга кочоторду Сен деле отургузсан болот. Бир жанынан сооп да болот. Кочот отургузу колундагы келет, бул ишти дагы Мамилекет кылат дебей Сен да кыла бер.
+1
CEO
2017-07-05 12:42:04
Керек эмес!!! Ошол тендерди жарыялагандардын озун кылмыш жообуна тартуу керек. Казына акчасы Жогорку Кенештин акчасы эмес, эл бул акчаны жепжутарлар каалагандай чачсын деп казынага толоп жаткан жери жок!!!!!

Эмнесин королу, сессияга 120 депутаттын 15-20сы гана келип, корунгондун атынан кнопка басып, 1 саатта пачкалап 10-20 мыйзам кабыл алып жатышканын королубу же кечке ушакчы катындан бетер ушак айтып акыйлашканын королубу?!! Керек эмес камерасы да, оздору да, жоголуп кетишсин!!
0
grace
2017-07-05 12:44:47
Ушулардын пайдасы жок миллиондогон тендерлерди бүтпөдү, аркы дүйнөгө кошо алып кетчүдөй жанталашкан акмактар. Эмне ишти кыйратып жатышат, булардын санын 70ке түшүрүү керек.
+3
CEO
2017-07-05 13:15:22
grace, 40 десен, биротоло жоюп салса да жарашат!!!
+4
CEO
2017-07-05 12:52:24
Эл кочку, селден кыйналса бюджетте акча жок!!! Келечегибиз болгон балдарыбыз- окуучулар бугун-эртен урай турган авариялык мектептерде окуса, кыштын куну тонуп, аларга акча жок!!! Канчалаган пациенттер олкодо операция жасоо учун керектуу заманбап медициналык аппарат жоктугунан Индия, Туркия, Европага барууга туура келуудо, аны сатып алууга казынада акча жок!!! Кыскасы зарыл нерселерге акча жок да, Жогорку Кенештеги керексиз нерселерге эмнеге дайыма акча табылат?!!
+5
CEO
2017-07-05 12:55:40
Эл казынадагы акчаны жепжутарлар каалагандай коротсун деп салык толоп жаткан жери жок!!! Ансыз да 120 депутатты багууга бир жылда 1 миллиард сомго жакын акча коротобуз. Ал аздай жыл сайын кресло жанылайт, ноутбук жанылайт, парда жанылайт!!! Мындай Жогорку Кенештин озунун кереги жок!!

Эгер бул жолу 12миллион сомго камера алышса, мен лично мамлекетке салык токпоймун, силер да салык токпогуло!!!
+5
Nuriza.kubatova
2017-07-05 13:48:39
элге 20депутат жетишет,андан кору канчалагаг адамдар жардамга муктаж,ошолорго берсе болбойбу,эн биринчи ден солук жардам сураган адамдар коп,оздору ооруса кандай болот экен коробуз,карыздарды ким толойт экен,бири бирин.жаман ишин ачып,бир жамандап,кудайдан коркпогон адамдар экен,
+1
Bek_Kazan
2017-07-05 13:50:50
12 миллион вы серьёзно. За такие деньги 100 камер можно купить
+1
nurbek56
2017-07-05 14:36:33
Эменеге менин жазганым чыкпады
0
admin_superstan
2017-07-05 15:54:57
nurbek56, саламатсызбы? Кайсы жерге жаздыңыз эле?
0
AIZAD
2017-07-05 15:03:00
Тойгузушту!!! Анан эле карызыбыз коп! Же кабарга жазбай койбойсунар, кыжырды келтирип.
0
Gulzats
2017-07-05 16:08:49
Ушинтип карызга батырып коюп анан : "Россия карыздан кечти го .Балдарды Сирияга жонотуш керек болуп атат " деп калышат. Андан коро 12 000 000 ду ооруп аткан балдарга ,бузулган жолдорго ,уйу жок калгандарга, колунда жок муктаж адамдарга, бузулайын деп калган имаратттарга, Кыргызстанды чет мамлекеттерге тааныткан таланттуу инсандарга жумшаса болмок. Ушул эл жазган комментарийлерди ЖК бир карап окуп коюшса.Эл бар экенин унутуп деле калышса керек.
+1
Gulzats
2017-07-05 16:10:45
Ушул телевизордон силерди карап отургуча ,дубалды карап отурган кызыктуурак.
+1
sna_kg
2017-07-06 02:11:58
Авайлагыла коментари жазгандан.силердида чык эшке деп журбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан