Бишкекте жарандык активисттер президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Бишкекте 5-июлда бир катар саясий, коомдук уюмдун өкүлдөрү президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтүү боюнча тегерек стол уюштуруп жатышат. “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков президенттикке талапкер элдик талаптарга жооп бериши керек экенин айтты.

“Азыркы талапкерлердин арасында убагында Каркыраны, Үзөңгү-Куушту сатууга добуш бергендер бар. Жерин саткан энесин, элин сатканга барабар. Ошол адамга кантип добуш беребиз? Айрым талапкерлер чоң бизнеске байланыштуу же криминалга чыгып жатат”, - дейт Аспеков.

Убадага бекем адам өлкө жетекчилигине келиши керектигин айтат.

“Президенттикке талапкер жогорку билимдүү, мамлекеттик түзүлүш, башкаруу тутуму боюнча терең түшүнүгү жана тажрыйбасы бар болушу зарыл. Өз ишмердүүлүгү менен коомчулуктун эсинде таза инсан катары таанылган, коррупция жана криминалга аралашпаган, мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүн кызыкчылыгынан жогору койгон, мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарын, жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн колдонбогон адам талапкер болуусу керек”, - дейт Аспеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан