2018-жылы Ош, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борборлорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

2018-жылдын жай айларында Ош, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында гемодиализ борборлорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өткөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана саясатты иштеп чыгуу башкармалыгынын башчысы Медер Исмаилов билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде гемодиализ процедурасына үзгүлтүксүз түрдө муктаж болгон адамдардын саны 870ти түзөт. Январь айында жарыяланган тендерди гемодиализ аппараттарын өндүрүүчү германиялык компания утуп алган. Учурда өлкөнүн 3 облусунда гемодиализ борборлорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жаңы долбоорго ылайык, бул аймактарда ачыла турган борборлордо 280 бейтап бекер дарыланат. Учурда андагы гемодиализ процедурасынын баасын төмөн кылуу боюнча сүйлөшүп жатабыз", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү гемодиализ аппараттарынын 80-90 пайызынын эскиргенин, аларды алмаштыруу керек экенин баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан