Бүгүн, 6-июлда Баткен облусунун ооруканасында тургундар жумуштан кийин жана дем алыш күндөрү укол сайдырганга дарыгер таппай жатышканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ооруканада саат 17:00дөн кийин жана дем алыш күндөрү укол алуу чоң көйгөй. Мен дарыгерди 1,5 саат күттүм. Поликлиникага барсам "Тез жардамга" бар дешти, ал жакка барсам "биздин иш эмес поликлиникага бар" дешти. Кайра поликлиникага барсам, "эмне кылсаңыз ошону кылыңыз" дешет. Эми шартың кээде туура келбей калат да. Саат 18:00дөн кийин барышыбыз мүмкүн. Ошого жараша иш тартиби түзүлсө жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.