“Кыргызстанды сактоо” кыймылынын төрагасы Байышбек Нааматов Бишкекте 5-июлда өткөн тегерек столдо Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаттарын Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл албай коюшканы үчүн күнөөлөдү. Президенттик шайлоо талкууланган тегерек столго Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаттары Бөдөш Мамырова менен Абдимуталип Кочкорбаев да катышты.
“Силер азыр жаштарды сындап жатасыңар. Өзүңөр депутат болуп жүргөндө эмне кылдыңар? Курултай боюнча мыйзам долбоорун кабыл албай койдуңар. Мыйзамды кабыл алган болсоңор, азыр эл жакшы иштеп, жакшы жашайт болчу. Депутаттар, кымбат автоунаа минип, 60 миң сомдон айлык алдыңар”, - дейт Нааматов.
Активист шайлоодо мурункудай урналарды орнотуу керектигин билдирди. “Тайырбек Сарпашевдин принтерлерин жок кылуу зарыл”, - деди ал.