ЭЛДИК ВИДЕО: Баласынын жыргал жашоосу үчүн оор жумушта иштеген аталарды сыйлоого үндөгөн ролик

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Атаны тирүүсүндө сыйлайлы, анан баары кеч болот" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Ardak777).

Жашоодогу аянычтуу тагдырлар чагылдырылган кандай кыска же толук метраждуу тасма болбосун, анда каармандар кайсы тилде сүйлөшүп жатканына карабай жүрөктүн тили менен түшүнүүгө болот. Кезектеги кыска метраждуу тасмада да атанын кызына болгон камкор мамилеси, кызынын жаштык кылып атасын баалабаганы көрсөтүлөт. Баласынын жыргал, жакшы жашоосу үчүн жан кыйнаган оор жумуштарда иштеген ата кызынан алкыш укмай тургай, кагуу жейт, кээде кызы атасынын кыйналганын көрүп турса да, досторунун көзүнчө өзүн кедей көрсөтпөө үчүн көрмөксөн болуп басып кетет.

Аталарды көзү тирүүсүндө сыйлайлы, анан баары кеч болору айтылган видеону кененирээк шилтемеден көрүӊүз.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirkaa5182
2017-07-05 23:03:56
Тасирлүү видео экен, Ата-энебизди көзү барда сыйлап калалы, ата-энебиз кайра кайтып келбейт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан