Бүгүн, саат 14:30да SUPER.KG`нин түз эфиринде Коопсуздук кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров болот. Суроо узатыӊыз

SUPER.KG'нин түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров болот. Чиновник бүгүн, 10-июль күнү саат 14:30дан тарта суроолорго жооп берет. Коопсуздук кеӊешинин катчылыгы - Кыргыз Республикасынын президентинин коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу орган. Жумакадыров өлкөнүн коргоо, улуттук коопсуздук тармактарынын абалы боюнча жана башка суроолорго жооп берет.

Урматтуу окурман, суроолорду түз эфирге чейин WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир башталганга чейин "Соңку кабар" аркылуу, тагыраагы, ушул кабардын астына да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.

Темир Жумакадыров 10-июлда саат 14:30да SUPER.KG'нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Hadyja
2017-07-06 10:13:13
Мне суроо беришти да билбейм.Бу кишини да тааныбайт экем.Коопсуздук...Кыйынсынар супер,бу кишини кайдан таап келдинер?
+8
tulpar90
2017-07-06 12:15:27
Hadyja,туура айтасыз.
+2
asankulov12
2017-07-06 19:58:03
Hadyja,Кээ бир ырдай албаган ырчыларды коргондон коро (ырчыдан коп нерсе жок)мамлекеттин коопсуздугу боюнча жоопту кишини билип албайсызбы!
+6
Hadyja
2017-07-07 14:44:29
asankulov12,элибиздин,чет жердеги жарандарыбыздын коопсуздугуна долбоорлор иштелип чыгып атат деп ммкларга чыгып журсо таанымакмыз.Балким,кабинетинен чыкпайт ким билет.Ал адам озу тан калбаса эле болду мени мнеге чакырып атышат.Ким мага кызыкты деп
+9
asankulov12
2017-07-07 20:26:40
Hadyja,эмнеге коопсуздук боюнча долбоорлор иштелбейт деп суроо берип корбойсузбу?
+3
sabyr86
2017-07-06 10:15:38
Суроом жок тааныбайм себеби.ырчылардан Гүлбү Ороскул кызын чакыргылачы сураныч.
+2
admin_superstan
2017-07-06 11:38:59
sabyr86, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
mir777
2017-07-07 14:54:24
admin_superstan,мени чакыргылачы
+2
tulpar90
2017-07-06 12:16:41
Азыркы кээ бир чоңдор акчасы анан таанышы аркылуу иштеп жүрүшөт. Башында мээ дегенден дайын жок.
+2
kenjebek_a
2017-07-06 12:36:54
Суроо бергенде эмне.Тааныйбыз бул жигити, АШАнын ишенген кадрларынын бири.Демек ошол эле пластинка коюлат.Жалган осуштор,жалган создор. Андан корокчо СДПКнын жанагы 10 зордукчу жигити бар депутатшасын чакыргыла.Ошондо даана туз эфир коркуно чыгат.
+14
Aygul777
2017-07-08 08:50:03
kenjebek_a, ооба да бул да президенттикке аттанайын деп жатат окшойт.
-2
kyrgyz.93
2017-07-06 18:33:34
Ырчылар менен чондорду чакыра бербей спортчулардан деле чакырсанар болбойбу улуттук спортчулардан кок боручу жигиттерден чакырсанар
+7
bosmos777
2017-07-07 11:38:14
Кечиресиз! Кыргызсызбы ? Анда ар дайым орусча суйлосуз ???
+3
meni_kut
2017-07-07 13:38:32
суроом жок.себеби баягы эле даяр кооз создорду суйлойт да.
+3
mirlan.tulanbaev
2017-07-07 23:03:19
Салам супер инфо.бул кишини эмнеге чакырып жатасынар?Кандай маселе чечмек бул киши?ошол жогору жактын созун суйлойтда.
+4
Adil706070
2017-07-08 20:25:30
супер инфо туз эфирге келген конокту колдон келсе элдин пикирин угуп ар бир аптада келерки конокту,сурамжылоонун негизинде 5,6адам чыгарып кайсынысына коп добуш болсо ошондон маек алсанар болмок эл да ыраазы болот эле.
Ар бир тармактан чакыргыла:диний аалымдардан,бизнес чойродон,маданият(акын,актер,жазуучу) ,шоу-бизнес,кино тармагынан,спорт,саясат,мамлекеттик ишкерлерден,кесипкой врач,академик профессорлордон ж б у с.
+4
Abdyrashit.Satylganov
2017-07-08 23:27:28
Бул түз эфири аябай скучный болот болушу керек, эч ким деле суроо бербей....Бирок бир чети жакшы, мен ар түз эфирде суроо берсем чыкпай койду эле, ушунусунда чыгып калат өңдөнөт
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан