Казакстандын 18 миллионунчу жараны аныкталып, Муслима ысымы берилди

Кечээ, 4-июлда Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин статистика комитети тарабынан өлкөнүн 18 миллионунчу ымыркайы жарыкка келгени расмий түрдө жарыяланды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Наристе ушул жылдын 11-майында Алматы облусунун Талдыкоргон шаарында туулуп, ага Муслима ысымы ыйгарылган. Муслима төрөлгөндө бою 51 сантиметр, 3300 грамм салмакта болгон.

Анын атасы Самат Бестыбаев 1982-жылы туулса, апасы Диана Омарханова 1991-жылы төрөлгөн. Аларга кечээ мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү батир, коляска жана оюнчуктар тапшырылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rozhulun
2017-07-05 14:07:28
18ге жетиптир ёёё
+3
meniuk
2017-07-05 20:27:38
Rozhulun,биздин мамлекеттке да аз калды 8-миллионду суйунчулошуно
0
Muslim_KGstana.
2017-07-05 18:13:57
Сонун! Бизге дагы жуксун баурларымыздан))
0
baha1985
2017-07-05 18:23:47
Таза болуптур кыргыздар эрте жарыя кылып алып канчасы толгосу келсе да торобой атты Эле барибир АША озунун адамына Берип койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан