ЖЫЛНААМА, 5-ИЮЛЬ: 176 жыл мурун дүйнөдөгү биринчи туристтик агенттик ачылган

Мындан 176 жыл мурун, 1841-жылы 5-июлда англиялык саякатчы Томас Кук дүйнөдө биринчи болуп туристтик агенттигин ачкан. Бул күнү ал поезд менен Англиянын Лейстер жана Лафборо шаарларынын ортосунда 570 жумушчуга алкоголсуз туристтик саякат уюштуруп берген.

1850-жылдары Томас Кук адамдарга Европанын башка мамлекеттерине саякаттарды уюштуруп турган. Ал азыркы учурда жеке компанияларды гана эмес, бүтүндөй өлкөлөрдү байытып жаткан эң пайдалуу бизнес түрү - туризмди ойлоп тапкан. Көптөгөн Европа өлкөлөрүнө баруучу маршруттарды да ачкан. 1878-жылы Индиянын графы Дафферин Томас Кукка Индиядагы мусулмандар үчүн касиеттүү Меккеге бара турган маршрутту иштеп чыгуу тапшырмасын берип, ал да ийгиликтүү ишке ашырылган.

Томас Кук туризмди ойлоп таап, ал негиз салган туристтик агенттик дүйнө жүзүнө таанылган. Элүү жылдан кийин "Thomas Cook Group" компаниясынын 84 бөлүмү, 85 агенттиги пайда болгон. Жана алардын кызматы менен 3 миллиондон ашык адам пайдаланган.

5-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан