Бишкек-Ош унаа жолуна Патрулдук милициянын сөлөкөтү коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге республикалык Патрулдук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Медер Шабданов билдирди. Милиция кызматкеринин унаанын жанында тургандагы макети аталган унаа жолдун 143-чакырымына коюлган. Шабданов элдин бул боюнча пикирин чогултуп, эл туура көрсө, мындан башка жерлерге да макеттер коюла турганын белгиледи.
Өткөн жылы да Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын аймагына Патрулдук милициянын автоунаасынын макети орнотулган.