Транспорт жана жолдор министрлиги: “Кара-Балта-Бишкек” унаа жолунун курулушу үчүн 3 миңге жакын дарак кыйылды"

Бүгүн, 5-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Кара-Балта-Бишкек” унаа жол тилкесиндеги курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, курулуш иштерин баштоого чейин болжолдуу даярдык иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде 3000ге жакын дарактар кыйылды. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында жол боюна жаңы бак-дарактарды отургузуу күтүлүүдө.

Азыркы учурда курулуш иштери эми гана башталууда. Ошондой эле министр курулуш иштерин жүргүзүүдө транспорттук кыймыл үчүн жолдун бир бөлүгү убактылуу жабыла турганын кошумчалады.

Жамшитбек Калилов баса белгилегендей, бардык финансылык каражаттар, зарыл техника жана жумушчу күчү жетиштүү өлчөмдө камсыздалган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 120 миллион 8 миң долларды түзөт. Анын ичинен 22 миллион 8 миң доллар республикалык бюджеттен бөлүнсө, калганы гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен бөлүнөт.

2017-жылы ички жолдорду ремонттоого республикалык бюджеттен 750 миллион сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2017-07-05 21:35:23
Сапаттуу кылып кургула эми эл аралык талаптарга жооп бергендей кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан