Президент Алмазбек Атамбаев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыр окуп берди

Бүгүн, 5-июлда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында алдынкы бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификат" тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев жаштарга ислам дини, кыргыз тили тууралуу айтып берип, кыргыздын маданиятын сактоого чакырды.

"Кудайдын кыргызча, эски аталышы бар. "Манас" дастанында айтылган. "Кийингеним көк темир, ишенгеним бир Теңир" деп. Теңир - Алланын кыргызчасы.Теңир - тең дегенди билдирет. Ал баарына бирдей мамиле кылат, керек болсо президентти да, бомжду да бирдей кылып коёт. Ошондуктан бирөөнү ээрчибейли, ооба, биз мусулманбыз. Араб, Пакистандын маданияты менен ислам ар башка нерсе. Мусулмандар өзүн өзү өлтүргөндөрдү керек болсо бейитке көмгөн эмес, азыр сооп деп өзүнө кошуп башкаларды жардырып жатышат. Бул сокур ишеним. Силер билимдин жолу менен кеткиле.

Менин уулум магистратурада окуйт, бирок экономика боюнча 2-китебин даярдап койду. Ал менден "Ата, эмнени пландасам болот?" - деп сураганда мен анын столунун үстүнө Редьярд Киплингдин (англиялык акын, жазуучу) бир ырын коюп койдум. Докладдын ордуна ошол ырды окуп берейин", - деген президент аталган акындын кыялдануу, аны ишке ашыруу, кечиримдүүлүк, эрктүүлүк тууралуу жазылган ырын окуп берди.

"Эч качан сынбагыла. Менин жалгыз калган күндөрүм болгон, баары мени сатып кетишкен. Алдыга кетиш керек, ишенгиле. "Судьбе назло" деген ырым - бул менин жашоодогу девизим. Аны мен 18-19 жашымда жазгам. Тагдырга өчөшкөндөй алдыга жылгыла. Баарына боорукер, акыйкат болгула. Кечиримдүү болгула. Кээде адам ичи тардыктан эмес, жокчулуктан туура эмес иш жасайт, кээде билбестиктен. Катачылыкты кечире билгиле. Эсиңерде болсун, өз мекениңерде гана бактылуу боло аласыңар. Силер мага өз баламдайсыңар. Ошондуктан баламдын алдына койгон ырды окуп бердим.

Анан дагы өз тилиңерди билгиле, мен убагында, өзгөчө 2000-жылдан кийин балдарыма убакыт бөлө албай калдым. Балдарымды кайра-кайра жашырып катып жаттым, анткени бир кызымды бычак менен өлтүрүп коё жаздаган. Ошондон кийин эки кичинекей баламды катып жатып, тилекке каршы, жакшы көңүл бура албай кыргыз тилин, мына, эми үйрөнүп, сүйлөп жатышат. Албетте, канчалык көп тил билсеңер ошончолук өзүңөр үчүн жакшы", - деди бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзүн айтып жатып А.Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asedullah1996
2017-07-05 17:52:05
Дин тууралу президенттен караганда аалымдардын тушунугу жогору экенин билсек болот.
-2
KGstan1981
2017-07-05 20:09:44
Оз тилинерди билгиле дейт Атамбаев.Кече жакында Алия кызы кыргыз тили популярдуу болбогондуктан мен кыргыз тилин билбейм.Уйронушко колум бош эмес деп озунун страничкасында жазган.Баштап озунун кызына эне тилин уйрот анан башкаларга эс уйротсо болмок Атамбаев.
+2
Baktikan
2017-07-05 21:56:09
Atambaev molodes~Siylaimin
-4
Aidan88
2017-07-07 00:57:12
Atambaev Atambaev buturuuchulorgo yr okup berse,Orusiyada migranttarga da yr yrdappy ,prezident bolboi le yrchy bolup ketti go ,el ishenip shailady le,ech jakshy dele ish kylgan jok
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан