32 жаштагы кытайлык келин көңүлдөшүнүн аялынан качып баратып токко урунуп каза болду. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, келин көңүлдөшүнүн капысынан келип калган аялынан коркуп кетип, ич кийимчен 3-кабаттан секирип жиберген. Бирок электр өткөргүчтөрүнө туш келип, токтун кубаттуу күчү ошол эле секундада анын өмүрүн алган.
Каза болгон келиндин буту ток өткөргүчтөргө илинип калгандыктан анын жансыз денеси көңүлдөшү менен аялынын уктоочу бөлмөсүнүн терезесинин тушунда бир канча убакыт асылып турган.