Өлкөдөгү жаштардын 46 пайызы тукум улоо боюнча саламаттыгы жөнүндө ойлонбойт. Мындай билдирүү Улуттук стратегиялык изилдөө институтунан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, институттун «М-репорт» долбоору жаш курактагы 733 адамдан репродуктивдүү саламаттыгы жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 34 пайызы тукум улоочу саламаттыктын бузулушуна - жыныстык катнашты өтө жаш кезден баштоо, гигиенаны сактабоо жана ар кандай инфекциялар себеп болот деп жооп беришкен. Ал эми жаштардын 25 пайызы саламаттыгындагы бул маселе кайдан жараларын билбей тургандыктарын айткан.
Сурамжылоого жооп берген жаштардын 47 пайызы дарыгерлер менен бул багытта ачык сүйлөшө аларын айтышкан. Ошондой эле "М-репорт" долбоору репродуктивдүү саламаттыгы боюнча кыздар көбүрөөк энелери менен ал эми эркектер достору менен сүйлөшө турганын аныктаган. Тукум улоо боюнча ден соолукка кам көрүү тууралуу маалыматтарды кайдан аласыңар деген суроого жаштардын 40 пайызы интернеттен деп жооп берген.
Сурамжылоого катышкандардын жарымы тукум улоо боюнча ден соолугунан кам санабай турганын билдирсе, 28 пайызы 3 жылда бир жолу дарыгерге көрүнүп турарын айткан. Ал эми 24 пайызы алардын басымдуу бөлүгү аялдар 6 айда бир ирет дарыгерге көрүнүп турарын белгилешкен.