Бүгүн, 5-июлда "Элдик кабар" рубрикасында Кыргыз жараны Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда 5 күндөн бери жашап, мекенине кайта албай жатканы тууралуу маалымдалган.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине байланышка чыкканыбызда, ал жаран менен байланышарын билдиришкен. Бир аз убак өткөн соң элчиликтин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына аэропорттон Н.Шаршенов аттуу Кыргыз жараны табылганын кабарлады.
"Телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин бул жаран 1-июлда Москва шаарына Франциядан грециялык Родос аралы аркылуу учуп келгени маалым болду. Аэропорттон аны Орусиянын аймагына болгон сапарынын максаты чындыкка дал келбесин айтып, коё бербей коюшкан. Чек ара кызматынын кызматкерлери ал жакынкы арада кайра Грецияга депортация болорун билдиришти. Элчиликтин кызматкери менен орусиялык тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жаранды Бишкекке учуруу тууралуу чечим чыгарылды", - деди Байымбетова.
Учурда аталган жаранга билет алуу маселеси каралып жатканын кошумчалады кызматкер.