Америкалык жаран 10 мүнөттүн ичинде 72 хот-дог жеп, чемпион аталды

33 жаштагы америкалык Жоуи Честнат аттуу жаран 10 мүнөттүн ичинде 72 сосискасы бар булочка жегенге жетишип, чемпион аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чемпиондук 4-июлда - АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Нью-Йорк шаарында орун алган. Анда Честнат ушуну менен 10-ирет жеңишке жетип жатат. Былтыр ал 70 хот-дог жеген.

Ал эми аялдардын арасындагы жарышта 20 жаштагы Мики Судо 41 хот-догду жеп, биринчи орунду алган. Жеңүүчүлөр 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты менен сыйланышкан.

10 мүнөттүн ичинде 72 хот-дог жеп, чемпион аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sladkaja_konfetka
2017-07-06 10:04:24
Булардын ашказаны оорубайбы? 2 ни жегенден кийин эле жегиң келбейт го. 72 хот дог деген эмне шумдук!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан