Орус ЖМКлары: "Дмитрий Песков Путин Кыргыз жарандарынын улуттук күбөлүк менен иштөөсүн колдогонун айтты"

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн президенти Владимир Путин Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү тууралуу Думанын кайрылуусун колдогонун, анын маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Песков орус тили Кыргыз мамлекетинде расмий тил болгондуктан Путин кайрылууну колдоого алганын айткан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушка чыга албай калышкан. Алардын арасында Кыргыз мамлекетинин жарандары да бар. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу Орусиянын президентине кайрылуу жөнүндө токтомду бир добуштан кабыл алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nemo2016
2017-07-06 10:23:09
жакшы +5
+7
Samina007
2017-07-06 10:33:10
Эгер Кыргыз айдоо күбөлүгү орусияга жарай турган болсо,биз үй бүлөөбүз менен Атамбаевди президентикке колдойбуз.Себеби үй бүлөөмү мен орусияда автобус минип багам.
-13
talant87
2017-07-06 15:05:15
Samina007,ошондо силер уй булонор менее рассияда болсонор кантип шайлайсынар
+3
Arsenal2
2017-07-06 10:39:45
Жакшы жанылык
+8
Leilektik
2017-07-06 10:45:24
Машинамды сатып кыргызстанга билет алып кайттым еле жакшы жанылык болду барып кайра келет екенминда иш таксмде жакшы болуп жатат еле ураааа
+4
imanchik
2017-07-06 11:00:38
Буйруса баары жакшы болот)
+4
Makain
2017-07-06 11:30:02
Атамбаевке рахмат
-6
ozgeldi
2017-07-06 11:52:25
Менин тушунугум боюнча Орус тилин уйронгуло шоколад берем дегендей болду
-6
tursunbaev78
2017-07-06 17:40:00
Бул жерде АШАнын эч кандай тиешеси жок мококтор,Россиянын депутаттары сунуштады Путинге,себеби бизде орус тили официалдуу болгону үчүн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан