Учурда Ысык-Көлдө "Карек" балдар кинофонду тарабынан жайкы лагерь уюштурулуп, анда окуучу балдарга тасма тартуу, актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстар өтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган фонддун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.
Анын айтымында, лагерде учурда 40тай жаш балдар эс алуу менен бирге кино тартуу өнөрүн үйрөнүшүп, тасма ааламы тууралуу кенен маалымат алышууда.
"2016-жылы башталган "Карек" балдар фестивалынан кийин көптөгөн балдар тасма тартууга кызыгуусу күч экенин байкадык. Андыктан алар үчүн атайын кинолагерь уюштурууну демилгелей баштадык. 1-июлда башталган кинолагерь учурда кызуу уланууда. Анда кыргыздын режиссёрлору Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Алтынбек Максүтов келип, жаш балдар менен баарлашып, тасма тартуу, режиссура боюнча мастер-класстарды, сабактарды өткөрүшүүдө. Кыргыз кинематографиясындагы белгилүү тасмалар көрсөтүлүп, катышуучулар арасында кызуу талкууланууда", - деп билдирди Толкун Дайырбекова.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 15-ноябрында "Карек" алгачкы республикалык балдар фестивалы болуп өткөн. Ал эми 2017-жылы май айында аталган фестивалдын жеӊүүчүлөрү, жаш режиссёрлор Батыркан Ильясов менен Тимур Исхаков Түштүк Кореяда өтө турган "BIKY" эл аралык кинофестивалына жолдомо алышкан.